Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № XII-6
Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын, Жамий көчөсүндөгү көпүрөнүн долбоорун жасоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын, Жамий көчөсүндөгү көпүрөнүн долбоорун жасоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Жамий көчөүндөгү көпүрөнүн долбоорун жасоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 709 бөлүмүнүн 2215-беренесинин эсебинен 100 000 (жүз миӊ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |