Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № XII-9
Ноокат шаардык кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаардык кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин. (Иш-план тиркелет)
2.Токтомду көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеӊешинин төрагасы А. Гафаровко тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык кенешинин кезектеги V чакырылышынын
XII сессиясынын № XII-9 токтомуна № 1 тиркеме
Ноокат шаардык кеӊешинин 2018-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеӊештин сессиясында каралуучу маселелер:
III чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм, өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Ноокат шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы М. Ярматов