Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январы № 1/3
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин 2017-жыл үчүн келечек иш планын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселелерди кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айылдык кеӊешинин 2017-жыл үчүн келечек иш планы алымча кошумчасы менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин
2017-жылдын 4-январындагы
№ 1/3 токтомуна тикеме
Керме-Тоо айылдык кенешинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн келечек иш планы
Январь айы |
Айылдык кеӊештин сессиясында каралуучу маселелер |
1. Айылдык кеёештин регламентин (иш планын) бекитүү баяндамачы С.Гүлжигитов, А.Шамуратов |
2. Айыл тургндарына түшкөн арыздарды кароо |
Март |
1. Айылдык почта бөлүмүнүн аткарган иштери боюнча баяндамасы баяндамачы.Сайназаров Канатбек 2.Эпизотикалык кырдаал боюнча ветеринардын баяндамасы Баяндамачы Ш.Толубаев |
3. «Нооруз»майрамын өткөрүү боюнча даярдыктар жөнүндө |
4. Социалдык инфраструктуранын абалын жакшыртуу боюнча маалымат 5. Жазгы талаа иштерине даярды көрүү боюнча маалымат |
Май айы |
1. Керме-Тоо айыл өкмөтү боюнча кылмыштуулуктун алдын алуу коррупцияга,диний экстремизмге каршы аткарылып жаткан иштер,мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча.баяндамачы.аймактык тескөөчү |
Июль айы. |
1.Таза суу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасы. Баяндамачы. С.Гулжигитов
|
Сентябрь айы |
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү Гүлбаар айылындагы № 8 /ДТнүн 2017-жылдагы жүргүзүлүп жаткан иш чаралары боюнча маалымат отчет. (баяндмачы /. Алибаев) |
2. Айыл тургундарынан түшкөн арыздарды кароо |
Ноябрь айы |
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн СПАсынын аткарган иштер боюнча 1 жылдык маалымат. (баяндамачылар: Мурзаев К.)
|
3. Айыл тургундарынан түшкөн арыздарды кароо |
1. Керме-Тоо айылдык кеёешинин депутаттарынын бир жылда чыгарылган токтомдорунун аткарылышынын жыйынтыгын чыгаруу |
Төрага Жунус уулу Илязбек