Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2/1
Жергиликтүү кеӊештин мыйзамы жана КРнын Салык Кодексинин 337,339- беренелерин негизинде ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2017-жылдын 30. 01. № 023 / 1701-4 / 1205 чыгуу катынын негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү боюнча сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Араван району боюнча башкармалыгынын 2017-жылдын 30-январындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетини киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндөгү чыгуу № 023 /1701-4/1205 менен келген сунуш катын кароо жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарбасына арналган жерлердин 1 гектарына төмөндөгүдөй ставкалар бекитилсин:
№ | Аталышы | Базалык ставкасы |
1 | Сугат айдоо | 580,0 |
2 | Кайрак | 97,0 |
3 | Көп жылдык бак-дарак | 580,0 |
4 | Чабынды | 15,20 |
5 | Жайыт жерлер | 13,20 |
2. КБМФнун ижара жерлердин 1 гектарына төмөндөгүдөй ставкалар бекитилсин:
№ | Аталышы | Базалык ставкасы | Жеӊиш айылы үчүн |
1 | Сугат айдоо | 4000 сом | 3500сом |
2 | Кайрак | 600 сом | 600 сом |
3 | Көп жылдык бак-дарак | 4000 сом | 3500сом |
4 | Шарттуу сугат | 2000 сом | 2000 сом |
3. Таштандыларды ташып чыгуу салыгы (вывоз мусор)
1. Таштандыларды ташып чыгуу салыгы (вывоз мусор), жалпы айыл өкмөтү боюнча кожолук саны 1941 үйдү түзөт. Анын ичинен 1238 кожолук түтүн акчасынан бошотулсун. Калган 703 кожолукка 100 сомдон түтүн пул белгиленсин.
2. Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыгынын ставкалары 1 м.кв. төмөндөгүдөй бекитилсин
Гүлбаар айылы -1,2
Кичик-Алай айылы- 0,3
Чөгөм айылы- 0,3
Күндөлүк айылы- 0,3
Майдан-Тал айылы- 0,3
Сары-Булак айылы- 0,3
Миӊ-Тэке айылы -0,3
3.Бул бекитилген ставкалар 01.01.2017-жылдан баштап эсептелсин жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |