Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2/2
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын тургуну Самидинов Бактыбек Сайпиевичтин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын тургуну Самидинов Бактыбек Сайпиевичтин жазган арызында өзү жашап турган турак үйү 0,25 га жер аянты менен 2003-жылы системалык мам. каттоо жүргөн мезгилде катталбай калып Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында эч кимге катталбай кароосуз калтырылгадыктан кайрадан Самидинов Бактыбек Сайпиевичтин башкы план боюнча салынган турак үйүн жер аянты менен кошо жеке менчигине бекитип берүү маселесин айылдык кеӊешинин отурумунда карап берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Жаӊы-Жол участкасынын тургуну тургуну Самидинов Бактыбек Сайпиевичтин арызы канаатандырылсын.
2. Самидинов Бактыбек Сайпиевичтин башкы план боюнча салынган турак үйүн жер аянты менен кошо жеке менчигине бекитип берүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |