Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2/3
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Пахта-Арал участкасындагыу Жаӊы-Чекке баруучу жолго Тенгизбаев Токурдун атын ыйгаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал участкасындагы Жаӊы-Чектин тургундарынын арызы боюнча Жаӊы-Чекке баруучу жолду Токуров Теӊгизбайдын балдары дайыма оӊдоп түзөө иштерин жүргүзүп келет. Ошондуктан ушул Жаӊы-Чекке баруучу жолго Тенгизбаев Токурдун атын ыйгаруу маселесин айылдык кеӊешинин отурумунда карап берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылыны Пахта-Арал участкасындагы Жаӊы-Чектин тургундарынын арызы канаатандырылсын.
2. Гүлбаар айылынын Пахта-Арал участкасындагы Жаӊы-Чекке баруучу жолго Тенгизбаев Токурдун аты ыйгарылсын
3. Жаӊы-Чекке кеткен жолду оӊдоп түзөө жана жакшы абалда кароо милдети Тенгизбаев Абдимомун Токуровичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |