Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2/5
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин жайыт комитетинин2016- жылда аткарган иштери жана 2017-жылдагы бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊештин депутаттары Керме-Тоо айылдык кеӊешинин ЖПБнын төрагасы Ж.Тагаевдин 2016- жылда аткарган иштери жөнүндөгү баяндамасын угуп, кызуу талкуулап, жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджеттинин долбоорун карап, кызуу угуп талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ЖПБнын төрагасы Ж. Тагаевдин 2017- жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине айыл өкмөтү тарабынан пайдаланууга берилген 4174,5 га жайыт жери бекитилип берилсин. Берилген жайыт жерлерин туура пайдалануу жана жайыт мыйзамдарына негиздүү иштерди жүргүзүү ЖПБнын төрагасы Ж. Тагаевке тапшырылсын.
3. Жайыт комитетинин 2016-жылдагы сапталган 362000 сом чыгашасы жактырылсын жана 2017-жылга түзүлгөн бюджети 412133 сом алымча – кошумчасы менен бекитилсин.
♦ Эмгек акыга 161200
♦ Соц. Фондго 27800
♦ Жер салыгы 55143
♦ соц. инфраструктурага 60000
♦ Транспорттук чыгым 50000
♦ Административдик чыгым 45678
♦ сатуудан алынуучу салык 12312
♦ Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жергиликтуу малдарга бир баш кара малга жыл ичинде 180 сом, жылкыларга 180 сом, койлорго 36 сом, эчкилерге 36 сом, топоздорго 180 сом, эшектерге 180 сомдон.
Тосуп алган бак-дарактуу жайыт жерлерге 1га жерге 3000 сом, ар бир гектар чөп чабыкка 1000 сом
Жайыттан отун пайдалангандыгы учун 1 м3 600 сомдон бир жылга 2 м3 кургак отун үчүн 1200 сомдон коюлган баасы бектилсин. Балыкчылыкты өндүрүү үчүн ажыратылган жерге гектарына 3 миӊ сомдон белгиленсин.
Жайыт акысы жайытка чыккага чейин 50% алдын ала төгүшсүн. калганын 25- сентябрга чейин калтырбай төгүү жагы бекитилсин.
Мөөнөтүнөн өтүп кеткендерге ар бир күнүнө 0,01% жазана төлөө киргизилсин.
Керме-Тоо жайыт комитетинин жайыттарына уруксатсыз мал баккандарга 5 миӊден 50 миӊге чейин акт түзүлүп жазана салынуусу белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобосу ишке ашырылсын.
5. Жайыт жерлеринен ар кандай кен казуучуулар, балык чарбачылыгын өндүрүүчүлөр жана изилдөөлөр боюнча бузулган жер кыртышы үчүн Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 07.09.2004-ж. № 668 токтомунун негизинде ар бир м2 жерге 21 сом төлөнүп берилүүсү жана казуу жумуштары бүткөндөн кийип ошол жерди кайра реабилитациялап берүү иштерин аткаруусу милдеттендирилет.
6. Жайыт пайдалануу чөйрөсүндө жер кыртышын бузуу, өсүмдүктөрүн өсүүсүнө зыян келтирүү жана жапайы жаныбарларга аӊчылык кылуу боюнча болгон укук бузуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17.08.92-жыл № 402, № 403 токтомунун нсгизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07,09.2004-жыл № 668 токтому менен каралган администрациялык жаза чаралары колдонулсун.
Жазанадан түшкөн акча каражаттары жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жумуштарына жумшалсын.
7. Керме-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча түзүлгөн иш планы бекитилсин.
8. КРнын мыйзамдарын аткаруусун талап кылуу жана жер - жерлерде жайыт пайдалануучуларга мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ЖПБнын төрагасы . Тагаев Жуманазарга жана инспекторлоруна, Айыл башчыларына милдеттендирилсин.
9.Айылдык ветеринар эрте жаздан баштап башка жактан келген малдар үчүн ветеринардык постту уюштуруп, жайытка чыгуучу жергиликтүү жана башка жактан келген малдарды ар кандай ыландарга каршы алдын ала эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү боюнча аныктоо иштерин жүргүзүп малдардын санын жана малдардын абалы жөнүндө маалымат берип туруусу жүктөлсүн.
10. Жайытка малдарды чыгаруу мезгилинде 2014-жылдын 25-мартындагы № ___ айылдык Кеӊешинин токтомунун иш-чарасына ылайык, малдардын ар кандай ыландарына каршы алдын ала эмдөөлөрдү ветеринардык врачтар тарабынан жүргүзүлгөндүгү боюнча малдарга берилген аныктамаларын көрүп, жайыт билетин көрсөтүү жана 50 % төлөмүн төлөө жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жана Күнгөй бет жайыттарга 10-апрелден 25-апрелге чейин, жакынкы тескей жайыттарына 26-апрелден 25-майга чейин, ортоӊку жайыттарга 26-майдан 1-сентябрга чейин, жакынкы тескей жайыттарына 2-сентябрдан 25-сентябрга чейин, 26-сентябрдан күнгөй жайыттарына малдарды жайдыруу мөөнөтөрүн карап көз салуу иштери Керме-Тоо ЖПБнын инспекторлоруна тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырысын.
12. Быйылкы жылы ар бир мал жандыктар иденфикациядан өтүп малдардын кулагына бирка басылат. Иденфикациялык номеринин баасы 38 сом Вет врачтын кызмат акысы 30 сом деп бекитилсин.
13. Жайыт комитетинин өзүнүн жеке авто машинасынын маркасы AUDI -100 номер W 79 -62 В жайыт комитетине кызмат катары колдонулсун, күйүүчү май айына 180 литрден бекитилсин.
14. ЖЧК «Азия энергия» ишканасы Жайыт комитети менен келишим түзүү жагы белгиленсин.
15.Түзүлгөн келишим чөп чабык, бакчылык, балыкчылык жана башка келишимдердин мөөнөтү 3 жылдан 10 жылга чейин белгиленсин.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |