Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2/7
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө Бийик тоолуу Чөгөм айылынын Тектир көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансында турган эски аялдамадагы (остановка) кароосуз ээн жаткан имаратты иретке келтирип убактылуу намазкана катары пайдаланып турууга уруксат сурап кайрылган айыл тургуну Мурзаев Ибрагимдин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеӊешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу бийик тоолуу Чөгөм айылынын тургуну Мурзаев Ибрагим айыл тургундарынын атынан, Чөгөм айылынын Тектир көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансында турган эски аялдамадагы (астановка) имарат кароосуз ээн жатат,мына ушул имаратты иретке келтирип убактылуу намазкана катары пайдаланып турууга уруксат сурап кайрылган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бийик тоолуу Чөгөм айылынын тургуну Мурзаев Ибрагим айыл тургундарынын атынан жазган арызы канаатандырылсын.
2. Чөгөм айылынын Тектир көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн балансында турган эски аялдамадагы кароосуз ээн жаткан имаратты иретке келтирип убактылуу намазкана катары пайдаланып турууга уруксат берилсин.
3. Имараттын оёдоп түзөп,тазалыгын талапка ылайык кармоо жагы айылдагы жергиликтүү жамаатка жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |