Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 3/3
Жеңиш айылынын тургуну М. Матисмановдун арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Жеңиш айылынын тургуну М. Матисмановдун арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жеңиш айылынын тургуну М.Матисмановго тиешелүү болгон 1.0 га жердин ичинде курулган тойкана балдар бакчасы болуп өзгөртүлсүн. Ушул жерге болгон жер салыктарын өндүрүү И. Азимовго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |