Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 4/2
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын Ой-Кайын участкасынын Ак-Буура дарыясынын жээгине чакан ГЭС куруу сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кенешииин депутаттары Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик- Алай айылынын Ой-Кайын участкасынын Ак-Буура дарыясынын жээгине чакан ГЭС куруу сунушун берген «Эл Бат Энерджи» ЖЧК ишканасы Кичик-Алай айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 2017-жылдын 4-июлундагы № 3 токтомун бекитип берүү жөнүндө сунушту карап, талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын Ой-Кайын участкасынан берилген жердин жалпы аянттын ичинен 6.0 га жер аянтка чакан ГЭС куруу жөнүндөгү сунушту жана Кичик-Алай айылынын тургундарынын 2017-жылдын 4- июлундагы №3 токтомунун сунушу канааттандырылсын жана токтому бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылынын Ой-Кайын участкасындагы Ак-Буура дарыясынын жээгине жалпы жер аянтыпын контурунун белгисинен 30.0 га жердин ичинен 6.0 га жер аянтка чакан ГЭС куруу үчүн жер аянтты ажыратып берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жогорудагы чакан ГЭС куруу үчүн ажыратылган жер аянтына тийиштүү болгон документтерин даярдап жана тийиштүү мекемелердин макулдугунун негизинде тийиштүү болгон жер аянтына токтом чыгаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |