Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры № 5/1
Жеӊиш айылынын тургуну Матисманов Мусанын айыл чарба багытында эмес жерине үй салуу үчүн жерге тийиштүү документтерди даярдап берүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Жеӊиш айылынын тургуну Матисманов Мусанын айыл чарба багытында эмес жерине үй салуу үчүн жерге тийиштүү документтерди даярдап берүү жөнүндөгү арызын айылдык кеӊештин депутаттары карап, талкуулап, төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жеӊиш айылынын тургуну Муса Матисмановдун аталган жерге турак-жай куруу үчүн жер тилкесин райондук комиссия жазуу жүзүндө маалымат бергенден кийин каралсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл ъкмътүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |