Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 6/2
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн катчысына заманбап техникалык аппараттарды сатып алуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн катчысына заманбап техникалык аппараттарды сатып алуу жөнүндө айылдык кеңештин төрагасынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Керме-Тоо айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн катчысына жарандарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү жөнүндө күбөлүк, ж.б. ченемдик укуктук актыларды чыгаруу үчүн заманбап техникалык аппараттар кошумча кирешеден сатып алынсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага милдеттендирилсин.
Төрага |
Жунус уулу Илязбек |