Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 6/3-4
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу 88 га жер шарттуу сугат жердин 1 га жердин баасы 1500 (бир миӊ беш жүз) сомго түшүрүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу 88 га жер шарттуу сугат жердин 1 га жердин баасы 1500 (бир миӊ беш жүз) сомго түшүрүү боюнча маалыматты айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап, төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу 88 га жер шарттуу сугат жер болуп катталсын жана ал жерлердин аренда акысы жарандардын арызы менен 1 га жердин баасы 1500 (бир миӊ беш жүз) сомго түшүрүлсүн.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |