Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 6/4
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж. Тагаевдин маалымат карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Тагаевдин 2017- жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасынын 2018-жылга түзгөн бюджетинин сметасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акы:
- Ар бир ири мүйүздүү малга - 180 сом
- Ар бир жылкыга - 180 сом
- Топозго - 180 сом
- ар бир кой эчкиге - 36 сом
- чөп чабыкка1 га - 1000 сом
- тосуп алган бак-дарактарга жайыт жерлерге1 га - 3000 сом
- балыкчылыкка1 га - 3000 сом
4. Жайыттарды кыйыр пайдалануучулар үчүн: Цемент заводу жайыт жерлерине чыгымдарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Жайыт акысы жайытка чыкканга чейин 50 % алдын ала төлөнсүн. калганын 25-сентябрга чейин калтырбай төгүү жагы бекитилсин. Мөөнөтүнөн өтүп кеткендерге ар бир күнүнө 0,01% жазана төлөө киргизилсин.
6. Жайыт комитетинин төрагасынын өзүнүн жеке авто машинасынын маркасы AUDI-100 номер W79-62 B жайыт комитетине кызмат катары колдонулсун жана ага кетүүчү күйүүчү, майлоочу каражаттар жайыт комитетинин бюджетинен каржылансын.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |