Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 7
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеӊешинин VI шайланган кезексиз IV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча маселени угуп жана КР Жогорку сотунун 29.11.2016-жылдагы № 6-968 -16 АД сандуу токтомунун жана Өзгөн райондук прокуратурасынын 2017-жыл 4- январындагы № 11-10-17 сандуу талабына ыйлайык Жылалды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын 6,19га жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансасына алынып, муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсин.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын 6,19га жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансасына алууну, муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |