Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 8
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын жер тилкесинин башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеӊешинин VI шайланган кезексиз IV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурдагы чөп сактоочу жайдын ордун КР Жогорку сотунун 29.11.2016-жылдагы № 6-968-16 АД сандуу токтомунун жана Өзгөн райондук прокуратурасынын 2017-жыл 4-январындагы № 11-10-17 сандуу талабына ыйлайык Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан 6,19га ген. план жасалган. Ошол ген. планды бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурдагы чөп сактоочу жайдын ордун КР Жогорку сотунун 29.11.2016-жылдагы № 6-968 -16 АД сандуу токтомунун жана Өзгөн райондук прокуратурасынын 2017-жыл 4- январындагы № 11-10-17 сандуу талабына ыйлайык Оштогу долбоорлоо институту ( КНИИП) тарабынан 6,19га ген. планы бекитилип берилсин.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабындагы № 743 контурда жайгашкан чөп сактоочу жайдын 6,19га жер тилкесинин башкы планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адис Ж. Баргыбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |