Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 11
Курулуш материалдарын өндүрүү үчүн колдонулган курулуш куму, таш жана шагыл, топуракты пайдалануучуларга карата салык эмес жыйымды киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана жергиликтүү бюджеттин киреше потенциялын күчөтүү максатында Жылалды айылдык кеӊешинин кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл аймагында пайдаланышкан табигый кен байлыгы болуп эсептелген кум, таш жана шагыл, топурак жүктөлгөн ар бир жүк ташуучу автоунаага 100 ( жүз) сомдон жыйым киргизилсин.
2. Бул милдетти мыйзам чегинде толук жана ыкчам аткаруу Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарууга алуу айылдык кеёештин “ Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Акназаров |