Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 13
Айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылына маршруттук каттамды жүргүзүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин (VI шайланган) кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылына маршруттук каттам жүргүзүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Красный-Маяк айылынын жашоочу тургундарынын сунуштарын канаатандыруу максатында маршруттук каттамдар жүргүзүлсүн.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Красный-Маяк айылына маршруттук каттамды жүргүзүү жагы АКК Өзгөн авто бекет ишканасынан жана “Ак-Тилек- Транс ” Ж.Ч.Коомунан суралсын.
3. Красный-Маяк айылынан Өзгөн шаарынын борборуна чейинки жол акысы чоё адамдар үчүн 15 сомдон, ал эми окуучулар үчүн 5 сомдон бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |