Редакцияот 21.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 21-июлу № 15

Прогресс айылынын турак жай ээлеринин арызы боюнча 2004-жылдын 2- апрель айындагы Жылалды өкмөтүнүн № 86 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 Жылалды айылдык кенешинин ( VI шайланган) кезектүү VI - сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылынын турак жай ээлеринин арызы боюнча жана жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде 2004-жылдын 2- апрель айындагы Жылалды айыл өкмөтүнүн № 86 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап КР жер кодексинин 18- берененин 1- пункту жана 32-44 беренелерине ылайык Жылалды айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 2- апрель айындагы № 86 токтомунда көрсөтүлгөн атуулдардын жашап жаткан турак жай ээлеген жер аянттары алардын менчиги болуп табалсын.

2. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 2- апрель айындагы № 86 токтомдун 1-2 пункттары “ убактылуу ” деген сөздөр “ менчик” деген сөздөр менен алмашып, айыл өкмөтү тарабынан токтом кабыл алуу жагы сунушталсын.

3. Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан сунушталган турак жай ээлеринин жеке менчик укугу толук каттоого алуу жагы суралсын.      

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин жеке менчик турак жай жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров