Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 84
Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасын ачуу жана атын коюу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVI сессиясы күн тартибиндеги: Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасын ачуу жана атын коюу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасына төрт тайпа менен ачууга уруксат берилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасы- «Күн балдары» балдар бакчасы деп аталсын.
3. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |