Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 88
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Х. Мадалиевдин айыл аймагындагы КБФсынын жерлерин ижараага берүү мөөнөтү жана ижара акылары боюнча берген билдирүүлөрүн карап чыгуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVI сессиясы күн тартибиндеги: «Айыл өкмөтүнүн жер адиси Х. Мадалиевдин айыл аймагындагы КБФсынын жерлерин ижараага берүү мөөнөтү жана ижара акылары боюнча берген билдирүүлөрүн карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы КБФсынын көп жылдык бак-даркатар жерлеринин ижаара мөөнөтү он жылга бекитилсин жана ижарага акы ар бир гектра үчүн башталгыч баасы 1000,0 дон белгиленсин.
2. Кызыл-кыштак айыл аймагындагы КБФсынын сугат жерлеринин ижараа акыларынын башталгыч баалары жерлердин шарттарына жараша айылдар боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Ишкаван айылындагы – 78,85 га жерге – 4000,0 сомдон
Кызыл-Кыштак айылындагы – 14,70 га жерге – 4000,0 сомдон,
Коммунист айылындагы – 37,10 га жерге – 4000,0 сомго,
Коммунист айылындагы – 6,60 га жерге – 3000,0 сомго,
Коммунист айылындагы – 9,0 га жерге – 2500,0 сомго,
Коммунист айылындагы – 63,70 га жерге – 2000,0 сомго,
Коммунист айылындагы – 6,10 га жерге – 1500,0 сомго,
Жаӊы-Турмуш айылындагы – 4,00 га – 2000,0 сомдон,
Жаӊы-Турмуш айылындагы – 7,40 га – 1600,0 сомдон,
Жаӊы-Турмуш айылындагы – 2,40 га – 4000,0 сомдон,
Кызыл-Байрак айылындагы – 9,55 га – 3000,0 сомдон,
Кызыл-Байрак айылындагы – 6,30 га – 2000,0 сомдон,
Керме-Тоо айылындагы – 43,30 га – 1600,0 сомдон.
3. КБФсынын жерлери майыптарга ижараа акысынын башталгыч баасынан 20,0 % арзандатылып түздөн-түз берилсин.
4. Ооган согушунун катышуучуларына 4,0 га жер ижара акысы ар бир гектарына 1000,0 сомдон түздөн-түз берилсин.
5. КБФсынын кайрак айдоо жерлеринин ижараа акыларынын башталгыч баалары ар бир гектар үчүн 600,0 сомдон бекитилсин.
6. КБФсынынкысыр аӊыз (залеж) жерлеринин ижаара акыларынын башталгыч баалары ар бир гектар үчүн 600,0 сомдон бекитилсин.
7. Фермердик чарбаларга берилген жерлердин ижара акысы ижара акылардын орточо баасында келишим түзүлсүн.
8. Бул токтомду аткарылыщын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
9. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жкр жана агрардык маселелер боюнча, финансы боюнча туруктуу комиссияларынажүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |