Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 90
Сүрөттүү-Таш участкасында 2015-жылдын 14-июнунда болгон каттуу шамалдан жабыр тарткан 26 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XV сессиясы күн тартибиндеги: Сүрөттүү-Таш участкасында 2015-жылдын 14-июнунда болгон каттуу шамалдан жабыр тарткан 26 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Өзгөчө кырдаал министрлигинин Кара-Суу районунун бөлүмү жана Кара-Суу архитектурасы жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан түзүлгөн актынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүрөттүү-Таш участкасында 2015-жылдын 14-июнунда болгон каттуу шамалдан жабыр тарткан 26 үй-бүлөнүн ар бирине 5,0 (беш) миӊден 130,0 (бир жүз отуз) миӊ сом акча каражаты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФБЭине жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылыдык кеӊештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |