Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 95
Жолдомо менен КРСУда окуп жаткан жана РФ Тверь Мамлекеттик айыл-чарба академиясы студенти А. Кадыржановго контракт төлөөдө кыйналган студенттерге акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XV сессиясынын күн тартибиндеги: Жолдомо менен КРСУда окуп жаткан жана РФ Тверь Мамлекеттик айыл-чарба академиясы студенти А. Кадыржановго контракт төлөөдө кыйналган студенттерге акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө маселени карап чыгып , талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары, КРСУда жолдомо менен окуп жаткан студент Р. Айдаровго төрт жылга ар жыл сайын 6,0 (алты) миӊ сомдон жана РФнын Тверь мамлекеттик академиясынын 4-курсунун студенти А. Кадыржановго контракт төлөөдө кыйналгандыгына байланыштуу 20,0 (жыйырма) миӊ сом акчалай жардам көрсөтүүгө акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБине жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |