Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 98
Оморбек датка атындагы орто мектептин спорт аянтчасына теннис аянтчасын (теннис кортун) куруу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылыдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVI сессиясынын күн тартибиндеги: Оморбек датка атындагы орто мектептин спорт аянтчасына теннис аянтчасын (теннис кортун) куруу жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Оморбек датка атындагы орто мектептин спорт аянтчасынан 18х35 метр жер тилкесин теннис аянтчасын (тенник кортун) курууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелр боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |