Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 99
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн кайрылуусу боюнча Керме-Тоо айылына чек ара заставасын куруу үчүн 2,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылыдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн кайрылуусу боюнча Керме-Тоо айылына чек ара заставасын куруу үчүн 2,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнө чек ара заставасын курулушу үчүн Керме-Тоо айылынан жакынкы таштак жайыт жерден 2,0 га аянты ажыратып берүү үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы» жерлер категориясына которуу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Керме-Тоо айылынан чек ара заставасын курулушу үчүн жакынкы таштак жайыт жерден үчүн 2,0 га жер аянты ажыратып берүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |