Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 103
Айыл аймагындагы айылдардагы жетим жана жарым жетим балдарга жаӊы жылга карата акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Айыл аймагындагы айылдардагы жетим жана жарым жетим балдарга жаӊы жылга карата акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү бешинчи маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдардагы 150 жетим жана жарым жетим балдарга жаӊы жылга карата материалдык колдоо көрсөтүү максатында ар бирине 2000 (эки миӊ) сомдон 300,0 (үч жүз) миӊ сом акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |