Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 104
М. Сабиров атындагы мектептин от казанын тез арада оӊдөп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: М. Сабиров атындагы мектептин от казанын тез арада оӊдөп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. М. Сабиров атындагы мектептин от казанын авариялык абалда болгондуктан тез арада оӊдоп-түзөө үчүн мамлекеттик сатып алуу порталына киритпестен сметадагы 399,0 (Учжүз токсон тогуз) миӊ сом акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |