Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 106
Муниципалдык жер деп тануу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Муниципалдык жер деп тануу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылындагы М. Хашимов атындагы көчөсүндөгү 0,08 жана 0,10 га, Коммунист айылындагы 1237 чарчы метр (маданият үйүнүн), Ишкаван айылындагы 1594 контрундагы 0,30 га, Ишкаван-Кызыл-Байрак айылындагы 1736, 1739 контурларындагы 0,30 жана 0,16 га жер аянттары айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана тийиштүү иш кагаздарын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Муниципалдык менчике алынган жерлердиижарага берүү жана жеке менчикке сатуу К.Р. Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |