Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 107
Калктуу конуштарды кеӊейтүү үчүн 45 га кайрак жана 40,05 га жайыт жер аянттарын «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштар жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Калктуу конуштарды кеӊейтүү үчүн 45 га кайрак жана 40,05 га жайыт жер аянттарын «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштар жерлери» категориясына которуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын калкынын жашоо турмуш шартын жакшыртуу, калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана калктын турак-жай куруу үчүн жер тилкелерге болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын:
1.1. Коӊур-Жаз (Озгур) участкасынан: кайрак айдоо жерден-17,73 га, жайт жерден-7,05 га, бардыгы -24,78 га;
1.2. Кызыл-Байрак айылынан: кайрак айдоо жерден-13,38 га, жайт жерден-7,78 га, бардыгы -21,16 га;
1.3. Ишкаван айылынан: кайрак айдоо жерден-8,89 га, жайт жерден-25,22 га, бардыгы -34,11 га;
1.4. Сүрөттүү-Таш участкасынан: кайрак айдоо жерден-5,0 га, бардыгы -5,0 га
Бардыгы: кайрак айдоо жерден-45,0 га, жайыт жерден-40,05 га, жалпысы болуп-85,05 га жер аянты «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштар жерлер» категориясына которулсун.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштар жерлери» категориясына которууга тийиштүү болгон мекеме-ишканалардан керектүү иш кагаздарын даярдатууга жана 2011-жылдагы «Ош проектстрой» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде даярдалган башкы планга эсептөө иштеринин (акт сверканын) негизинде акча каражаттары ажыратылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |