Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 111
Айыл өкмөтүнүн финансылык маселелерин кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн финансылык маселелерин кароо жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы мектептерге интерактивдүү доскалар үчүн айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө каралган акча каражатынын эсебинен алынбай калган үч негизги Сүрөттүү-Таш, Айбек жана М. Газиев атындагы мектептерге интерактивдүү доскалар үчүн смета боюнча 344790 сом акча каражаты ажыратып берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Айыл аймагындагы айылдардын негизги ички жолдорун оӊдоп-түзөөгө (ремонтоого) айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын кошумча түшкөн булактардын эсебинен смета боюнча 201600 сом акча каражаты ажыратып берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |