Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-октябры № 24/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 1 М. Адышев атындагы гимназия орто мектебинин айнектерин заманбап айнекке алмаштыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеӊешинин экономика, бюджет, инвестициялар ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 1 М. Адышев атындагы гимназия орто мектебинин айнектерин заманбап айнекке алмаштыруу боюнча жазган долбоору» боюнча билдирүүсүн угуп талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеӊешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 1 М. Адышев атындагы гимназия орто мектебинин айнектерин заманбап айнекке алмаштыруу боюнча жазылган долбоору үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 251236 сомдун 125618 сому жумушчу күчүнүн эсебинен төлөнүп, калган 125618 сому Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Жапанов |