Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-октябры № 24/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 10 Апыш Мадалиев атындагы негизги мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу, мектептин чатырын жаӊылоо жана брусчатка басуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеӊешинин экономика, бюджет, инвестициялар ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 10 А. Мадалиев негизги мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу, мектептин чатырын жаӊылоо жана брусчатка басуу жөнүндө жазган долбоору» боюнча билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеӊешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө краштуу № 10 Апыш Мадалиев атындагы негизги мектебинин айланансын темир тосмо менен тосуу, мектептин чатырын жаӊылоо жана брусчатка басууга сарпталуучу 1585611 сом акча каражатынын 20% өздүк салым 317122 сом акча каражаты 2016-жылдын бюджетинен «Кайра куруу бөлүмүнүн» 3111 статьясынан каралып бөлүнүп берилсин жөнүндө жазылган долбоордо үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн жумушчу күч 158561 сом, накталай 158561 сом акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Жапанов |