Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-октябры № 24/3
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 3 «Наристе» балдар бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн полдоо, балдар ойноочу аянтчага жайкы беседкаларды куруу жана бакчанын алды жагын темир тосмо менен тосууга өздүк салым кошуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеӊешинин экономика, бюджет, инвестициялар ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 3 «Наристе» балдар бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн полдоо, балдар ойноочу аянтчага жайкы беседкаларды куруу, бакчанын алды жагын темир тосмо менен тосуу үчүн жазылган долбоору» боюнча маалыматын угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 3 «Наристе» балдар бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн полдоо, балдар ойноочу аянтчага жайкы беседкаларды куруу жана бакчанын алды жагын темир тосмо менен тосууга сарпталуу 1327455 сом акча каржатынын 20%; өздүк салымы 265491 сом акча каражаты 2016-жылдын бюджетинен «Кайра куруу бөлүмүнүн» 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин үчүн жазылган долбоору жактырылсын жана Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылшаг долбоордо көрсөтүлгөн сумманын 1327455 сомдун 20 пайыздык же 265491 сомдук өздүк салымынын Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилип, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Жапанов |