Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-декабры № 26/1
Ар кандай малымдардын жугуштуу ооруларын (шарп, бруцеллез, сибирь жарасы) алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ө. Мурзаевдин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Гүлчө айылдык кеӊешинин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде Гүлчө айылдк кеӊешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай малдар арасында жугуштуу оорулардын (шарп, бруцеллез, сибирь жарасы) алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ө. Мурзаевдин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү билдирүү эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай малдар арасында жугуштуу оорулардын (шарп, бруцеллез, сибирь жарасы) алдын алуу максатында дары дармектер, ваксиналарды алуу, тиешелүү мекемелерге кайрылуу, заявкаларды берүү, алып келүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүниветеринардык адиси Ө. Мурзаевке милдеттендирилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай малдар арасында жугуштуу оорулардын (шарп, бруцеллез, сибирь жарасы) алдын алуу максатында токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ө. Мурзаевдин жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришовго тапшырылсын.
4. бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Гүлчө айылдык кеӊешинин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |