Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 114
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2016-жылга калган калдык акча каражатын бекитүү, 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2016-жылга калган калдык акча каражатын бекитүү, 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылга карата киреше бөлүгүнүн аткарылышы 33982,8 миӊ сомго, же 116,1 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 26703,1 миӊ сомго, же 91,2 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 27907,1 миӊ сомго жана чыгаша бөлүгү 27907,1 миӊ сомго бекитилсин.
3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине калдык болуп калган 7279,7 миӊ сом, чыгаша болуп ушул сессияга сунушталган сметанын негизинде жумшалсын.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин долбоору бекитилсин.
5. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 - токтомунун негизинде бардыгы - 38 кызмат орду, мындан - 4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер, 7 штат айыл башчылар жана 7 штат АКСнун инспекторлору болуп бекитилсин. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн маданият тармагындагы кызматкерлердин - 6 штаты бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |