Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 115
КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: “КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын отчетундагы сунушу” боюнча 21.12.2015-жылдагы № 01-12-1400 каты жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнө “КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын отчетундагы сунушу аткарууга алуу жүктөлсүн.
2. Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүү берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 05.11.2015-жылдагы № 306-1 буйругу жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБине төмөнкүлөр жүктөлсүн
- кассалык тартип эрежелерин сактоо жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдалануу,
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндөгү мыйзамынын талаптары убагында аткарылуусу,
- негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар өз убагында балансга кириштирүү,
-жоопкерчиликке берилген каражаттар катуу көзөмөлгө алуу жактары.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |