Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 118
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдардагы жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибиндеги кошумча: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдардагы жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү” маселекарап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы:
- Кызыл-Кыштак айылындагы - 100,0; 200,0; 100,0 чарчы метр,
- Ишкаван айылындагы – 300,0; 726,0; чарчы метр,
- Коммунист айылындагы – 280,0 чарчы метр,
- Жаӊы-Турмуш айылындагы – 138,0; 60,0; 310,0 чарчы метр жер тилкери айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алуу жана тийиштүү иш кагаздарын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Мунципалдык менчике алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу К.Р Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |