Редакцияот 01.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2016-жылдын 1-марты № 119

Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин депутаты Баирова Диляраны депутаттыктан чакырып алуу (отзыв депутата) жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XIX сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин депутаты Баирова Диляраны депутаттыктан чакырып алуу (отзыв депутата) жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин депутаты Баирова Диляра айылдык кеӊештин сессияларына себепсиз катышпай жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесине ылайык (отзыв депутата) депутаттыктан чакырып алылынсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссясынан бошогон депутаттык орунга № 239-Кызыл-Кыштак округунан кийинки орун алган депутаттыкка талапкерге депутаттык мандат берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев