Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 122
Кыргыз Республикасынын Примьер-Министири Т.А.Сариевдин 2016-жылдын 4-февралындагы № 21-9 кеӊешме протоколунун 4-пункутуна ылайык түзүлгөн жумушчу топтуп берген сунушу боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Мадалиевдин билдирүүсү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги: .«Кыргыз Республикасынын Примьер-Министири Т.А.Сариевдин 2016-жылдын 4-февралындагы № 21-9 кеӊешме протоколунун 4-пункутуна ылайык түзүлгөн жумушчу топтуп берген сунушу боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси Х. Мадалиевдин билдирүүсү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-авгусундагы № 568-токтому менен Сүрөттүү-Таш тоосу тарыхый-маданий мурастар обьектерине киртилгендиктен, анын коргоо чөлкөмүнө кирип калган 9,0 га жер аянты, Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 2-февралындагы XVI сессиясынын “Кызыл-Кыштак айыл округунун аймагындагы Сура-Таш, Кызыл-Байрак жана Коӊур-Жаз участкаларына турак-жай үйлөрдү жана социалдык обьектерди куруу үчүн жер участкасын ажыратуу жөнүндөгү” № 96 - токтомнун менен турак жай куруу үчүн ажыратылып калгандыктан, ушул № 96- токтомдун: 1.2-пункутундагы:
“Сүра-Таш участкасындагы жакынкы жайыт жерлерден – 9,0 га ” деген абзац:
“Кызыл-Байрак айылындагы № 1783, 1785, 1786, 1787-контурундагы жакынкы жайыт жерлерден – 7,0 га жана Ишкаван айылындагы № 1653 - контурундагы жакынкы жайыт жерден - 2,0 га” деп өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 2-февралындагы XVI сессиясынын № 96- токтомунун 1.2-пункутундагы Сүра-Таш участкасындагы жакынкы жайыт жерлерден – 9,0 га турак жай куруу үчүн ажыратылган жердин ичинен, Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы XXIII сессиясынын № 135 - токтому менен 5,0 га жер аянтына бекитилген башкы планы жокко чыгарылсын.
3. Кызыл-Байрак жана Ишкаван айылдарына которулган 9,0 га жер аянтына тийиштүү иш-кагаздарын тактап башкы планын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |