Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 123
Коммунист айылындагы жаӊы конуш участкасындагы 200 чарчы метр жерге үгүт-насат үйүнүн имаратынын курулушуна уруксат берүү боюнча айылдык кеӊештин депутаты Ж.Камиловдун жана ошол жердин тургундарынын арызы жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги: “Коммунист айылындагы жаӊы конуш участкасындагы 200 чарчы метр жерге үгүт-насат үйүнүн имаратынын курулушуна уруксат берүү боюнча айылдык кеӊештин депутаты Ж.Камиловдун жана ошол жердин тургундарынын арызы жөнүндөгүү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коммунист айылындагы жаӊы конуш участкасындагы 200 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алынсын жана ал жерге үгүт-насат үйүнүн имаратынын курулушуна уруксат берилсин.
2. Коммунист айылындагы жаӊы конуштар участкасындагы 200 чарчы метр жер аянтына жана ал жерге курулуучу үгүт-насат үйүнүн имаратынын курулушуна тийиштүү болгон иш-кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |