Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 125
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүрөтүү-Таш участкасындагы Сүрөттүү-Таш-3 көчөсү Холбердиев Номанжан атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Жаӊы-Турмуш айылындагы Беш-Капа-1, Беш-Капа-2, Беш-Капа-3 көчөлөрү Рахманов Уринбай-1, Рахманов Уринбай-2, Рахманов Уринбай-3 атындагы көчөлөр деп өзгөртүлсүн.
3. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш, мамкатоо башкармалыктарына жана тийиштүү жактарга кайрылуу айыл өкмөтүнүн жер адистерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелери жана жер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |