Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 126
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жайыт комитетинин, жайыт жерге чыккан мал жандыктарына жана жайыт жерден пайдаланган, чөп чабык жерлерден алынуучу тарифин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XX сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жайыт комитетинин, жайыт жерге чыккан мал жандыктарына жана жайыт жерден пайдаланган, чөп чабык жерлерден алынуучу тарифин бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жайыт комитети тарабынан, жайытка чыккан мал жандыктарынан алынуучу тарифитер:
-Бир айга: Ири мүйүздүү малга – 25,0 сом; кой-эчкилерге – 5,0 сом; жылкыларга жана эшектерге – 35,0 сом.
-Бир гектар аянтка: жайыт жерди пайдаланганга – 1000,0 сом; чөп чабык жерге – 1000,0 сом,
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жайыт комитети 2016-жылдагы бюджети (350,0 миӊ сом) бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |