Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 129
Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын айыл аймагындагы Бостон участкасындагы балдар бакчасына тийешелүү болгон жер аянтын бекитүү боюнча отрумунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын айыл аймагындагы Бостон участкасындагы балдар бакчасына тийешелүү болгон жер аянтын бекитүү боюнча отрумунун протоколун бекитүү жөнүндөгү” маселе боюнча Кызыл-Кыштак айылынын Бостон участкасындагы балдар бакчасынын жалпы жер аянтын тактоо боюнча, топограф М. Ахмедовдун (лицензия ИЗ-1.1 № 019480) топографиялык тартуусу боюнча жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 30-майындагы протоколун кърүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылынын Бостон участкасындагы балдар бакчасына тийешелүү такталган жалпы 7500,0 чарчы метр (0,75 га) жалпы жер аянтын бекитилсин.
2. Бостон участкасындагы балдар бакчасына тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик акт алуу айыл өкмөтүнүн жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |