Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 130
Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын айыл өкмөтүнүн кеӊсесине тийешелүү болгон жер аянтын бекитүү боюнча отрумунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл – Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын айыл өкмөтүнүн кеӊсесине тийешелүү болгон жер аянтын бекитүү боюнча отрумунун протоколун бекитүү жөнүндөгү” маселе боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кеӊсесине тийешелүү болгон жалпы жер аянтын тактоо боюнча, топограф М. Ахмедовдун (лицензия ИЗ-1.1 № 019480) топографиялык тартуусу боюнча жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 30-майындагы протоколун көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаӊы-Турмуш айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн кеӊсесине тийиштүү такталган жалпы 4188,0 чарчы метр жер аянтын бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кеӊсесине тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик акт алуу айыл өкмөтүнүн жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |