Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 131
Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын Ишкаван айылындагы 0,50 га тыт көчөт багынын ордуна мөмөлүү бак-дарактарды тигүүгө урксат берүү боюнча протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын Ишкаван айылындагы 0,50 га тыт көчөт багынын ордуна мөмөлүү бак-дарактарды тигүүгө урксат берүү боюнча протоколун бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын, Ишкаван айылындагы 0,50 га тыт көчөт багынын ордуна мөмөлүү бак-дарактарды тигүүгө урксат берүү боюнча туруктуу комиссиянын протоколу бекитилсин.
2. Тыт көчөт багынын ордуна мөмөлүү бак-дарактарды тигүүгө урксат берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |