Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 132
Айылдык кеӊештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.04.2016-жылдагы отрумунун чечиминин негизинде, Бостон участкасындагы балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна кошумча акча каражатын ажыратуу боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 27.05.2016-жылдагы № 189-буйругун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеӊештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.04.2016-жылдагы отрумунун чечиминин негизинде, Бостон участкасындагы балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна кошумча акча каражатын ажыратуу боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 27.05.2016-жылдагы № 189- буйругун бекитүү жөнүндөүгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеӊештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.04.2016-жылдагы отрумунун чечиминин негизинде Бостон участкасындагы балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна сметада көрсөтүлгөн кошумча 490,0 миӊ сом акча каражатын ажыратуу боюнча Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 27.05.2016-жылдагы № 189- буйругу бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жөктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |