Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 135
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы калкка таза суу берүүчү насостук скважиналарга тиешелүү жер аянттарын тактап жана аларга мамлекеттик актыларды алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы калкка таза суу берүүчү насостук скважиналарга тиешелүү жер аянттарын тактап жана аларга мамлекеттик актыларды алуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы калкка таза суу берүүчү насостук скважиналарга, суу кампаларына тактаплып тиешелүү болгон жер аянттары бекитилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы калкка таза суу берүүчү насостук скважиналарга тийиштүү документацияларын (паспортторун) жана аларга, суу кампаларына тиешелүү болгон жер аянттары мамлекеттик катоодон өткөрүлүп актылар алынсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |