Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 136
Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы жолду асфальтоодон калган акча кражатын жана Кызыл-Кыштак айылынын ички жолдорун оӊдоп түзөөгө каралган акча каражатын, Жойпос көчөсүндө жайгашкан мечиттин алдындагы бөлүгүн асфальтоого которуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXI сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы жолду асфальтоодон калган акча кражатын жана Кызыл-Кыштак айылынын ички жолдорун оӊдоп түзөөгө каралган акча каражатын, Жойпос көчөсүндө жайгашкан мечиттин алдындагы бөлүгүн асфальтоого которуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы жолду асфальтоодон калган 170,0 миӊсом акча кражаты жана Кызыл-Кыштак айылынын ички жолдорун оӊдоп түзөөгө каралган 80,0 миӊ сом акча каражаты, Жойпос көчөсүндө жайгашкан мечиттин алдындагы бөлүгүн асфальтоого 250,0 миӊ сом акча которулсун.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |