Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 49
Ош шаардык муниципалдык менчикбашкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылга кабыл алган иш-планына ылайык Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 6-декабрындагы №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Семетеевдин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев):
-Ош шаарынын муниципалдык менчикти эффективдүү пайдалануу менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу;
-жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин жана обьектерди муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү;
-муниципалдык мүлктөрдү инвентеризациялоо иштерин тездетип, муниципалдык обьектердин реестрин жаңылоо;
-«Жапалак» унаа базары муниципалдык мекемесинин жерлеринин багыттык категориясын аныктоочу документтерин бүтүрүү жана мыйзамдаштыруу;
-Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнү муниципалдык менчикке алуу маселесин тездетүү;
-Ош шаарынын парктарында жана скверлеринде жайгашкан соода сатык жайларынан «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы тарабынан алынуучу ижара акысын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу;
-Ош шаарындагы сырткы жарнактар илинген калканчалардын техникалык абалына жана сапатына тиешелүү кызматтар менен көзөмөл жүргүзүү;
-Ош шаарындагы жарнактардагы жазууларды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил мыйзамынын» талаптарына шайкеш келтирүүсү милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |