Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № VI-12
“Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине 42 850 (кырк эки миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорулатуу багытында шаардын көчөлөрүн асфальтоого смета даярдоо жана технадзорлук кызмат үчүн 3111 беренесинин эсебинен 2215 беренесине 42 850 (кырк эки миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |